Акча системасы - өлкөдө мамлекет тарабынан белгиленген акча жүгүртүүнү уюштуруу формасы. Мамлекеттик акча бирдигин (сом, доллар ж. б.), масштабын, жүгүртүүдөгү акча белгисин жана аны чыгартуу тартибин, акчаны камсыз кылуу жагдайын, акчасыз төлөөнүн түрүн, улуттук валюта курсун, акча бирдигинин алтын кунун белгилейт, улуттук валюта курсун такай көзөмөлдөйт, акча туруктуу алтын ж-а товар куну менен камсыз болот. Мында мамлекеттик чекене баа туруктуу келип, акчанын товар кунун камсыз кылуу негиз болуп саналат. Жүгүртүүдө нак жана акчасыз төлөм чөйрөсү так чектелет. Жалпы эквиваленттин ролун эки металл - алтын жана күмүш аткарган учурда акча системасына биметаллизм мүнөздүү болгон; андан кийин мономенталлизм орноп, акчанын ордуна бир металл (алтын же күмүш) пайдаланылган. 20-кылымдын 30жылдарынан тартып бардык өлкөлөрдүн акча системасы жүгүртүүгө кредиттик жана кагаз акча белгилери колдонулуп, алтын акча ордуна пайдаланылбай калды.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1