Акчий-Кара-Суу көрүстөндөрү

Акчий-Кара-Суу көрүстөндөрү - биздин заманга чейин 6-4-кылым - биздин замандын 1-5-кылымдагы сак жана гунн урууларына таандык археологиялык эстелик. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү, азыркы Токтогул суу сактагычынын алдында калган Акчий-Кара-Суу кыштагынын ордунда жайгашкан. Мүрзөлөр төрт чарчы келип, тереңдиги 2 м болгон. үстү устундар менен кыналып, таш же топурак менен бастырылган. Алардан карапа, айнек идиштер, көп сандаган асемделген алтын жана күмүш буюмдар (шакек, сөйкө, медальон, скиф-сибирь айбанаттар стилиндеги сүрөттөрү бар буюмдар, коло мончоктор, тогоолор, күзгүлөр, ошондой эле канжар, кылычтын сыныктары, сооттор, жебелер, жаанын бөлүктөрү), айрымдарынан арча табыт табылган. Көрүстөнгө коюлган адамдардын сөөктөрүнө караганда ошол доордогу адамдар антропологиялык жактан монголоиддик аралашмасы бар европеоид тибине кирген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1