Акчирик — өсүмдүк илдети. Көбүнчө күнкарама, чанактуу өсүмдүктөр, тамеки, кенеп, астра, хризантема жылытылмада, жашылча сактагычта кызылча, сабиз, цикорий, капуста, пияз жана кооздук өсүмдүктөрдүн пияз түбү ж. б. чалдыгат. Илдетти бардык жерде таралган баштыкчалуу мите козу карын Sderofinia Libertiana пайда кылат. Ал алгач өлүү же начарлаган (гүл желекчеси, жалбырак сабы ж. б. куураган) тканга кирип, уулуу зат бөлүп чыгарып, чиритет. Андан таза тканга, клеткага өтүп, аны да чиритет. Бул илдет көчөт, үрөн аркылуу тарайт. Ал топуракта жана өсүмдүк калдыктарында 3 жылга чейин сакталышы мүмкүн. Өсүмдүктүн түшүмүн кыйла төмөндөтөт. Каршы күрөшүү чаралары: которуштуруп эгүү иретин туура сактоо, отоо чөптөрдү жок кылуу, жерди терең коңторуп айдоо, жашылча сактоо эрежесин туура жүргүзүү. үрөнгө гранозан, ТМТД, айдоого фосфор-калий жерсемирткичин чачуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1