Акыйнек, акый - кыргыз оозеки поэзиясындагы айтыш жанрынын бир түрү.

Кордоо, шакаба чегүү, мыскыл мүнөзүндөгү жаш кыздардын айтышы. Акыйнек айтышкан кыздар тууган-уругуна, айыл-конушуна карата эки жаат болуп бөлүнүп, маңдай-тескей туруп, бири экинчисинин кемчилигин алмак-салмак чукуп, шакаба айтышкан. Акыйнек музыкалык аспапсыз, көбүнчө обонго салынбай айтылган. Акыйнек жалаң эле кордоо, мазактоо мүнөзүндө болбостон, кээде сөзгө чечендикти, сөз тапкычтыкты сынашуу максатын да көздөп оюн-зоок, тамаша иретинде да айтылган. Акыйнек айтышуу учурда жанданып, айтыш өнөрүнүн бир жанры катары өнүгүүдө.

Мисалы: "Байдын кызы менен жардынын кызы" деген акыйнек айтыш:
Байдын кызы:
Этегимби, жеңимби?
Ушул кыз менин теңимби?
Ой, жарды кыз, жарды кыз,
Жакшылап уккун кебимди.
Жарыбаган жалчылар,
Жалданып улак алчулар.
Жалдап коюп жакырды,
Жакшы жүрөт малдуулар.
Согончогу чор болуп,
Жалданышат кор болуп.
Өзүңдү өзүң билбейсиң,
Тегерегиң тор болуп.

Жардынын кызы:
Сасык байдын сары кыз,
Эр албаган кары кыз.
Атаңыздын төрүндө,
Көп олтуруп алдыңыз.
Атакеңдин төрүндө,
Ак чач болуп жүрө бер.
Акыйнек айтып талаада,
Арсыз акмак үрө бер.
Өзүмдү сага теңебейм,
Өлсөм дагы кебелбейм,
Сен окшогон көөдөктү,
Өлгүчө минип тебелейм.
(Элдик ыр)

Акыйнек бир топ учурда уруш – талашка, чачташууга, чабышууга чейин да жеткен. Азыркы учурда мындай айтыштар дээрлик учурабайт деп айтууга болот.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Ж . Шериев, А . Муратов. "Кыргыз адабиятынын терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү" Бишкек-1994