Акылдуу ашкана түзөтүү

Заманбап технологиялар ашкана ааламын да ээлеп келатат. Андан улам көптөгөн жаңы буюмдар чындыгында эле тамак-аш жасоо процессин кыскартып жана жөнөкөйлөштүрүп койду. Төмөндөгү мисалдар дүйнөдө акыркы чыккан ашкана буюмдарынын айрымдары гана.


Ноутбук-меш

«Electrolux» компаниясы тарабынан ашкана үчүн ноутбук иштелип чыкты. Тактап айтканда, клавиатуранын ордуна электр плитасы орнотулган. Мешти ойлоп тапкан дизайнер Драган Тренчевскийдин айтуусунда, кожойкелер ноутбуктун плитасына тамак жасап, интернет аркылуу сенсордук экранынан каалаган тамагынын рецепттерин, тамак жасоо процессинин видеолорун көрө алышат. Бул техниканын дагы бир мүмкүнчүлүгү - меш менен экранды чыгарып өзүнчө колдонууга болот.


Телефон менен башкарылуучу казан

Бул өзгөчө электр казаны да интернеттин жардамы менен иштейт. Болгону керектүү азыктарды казанга салып коюшуңуз керек, а өчүргөндү, күйгүзгөндү, ошондой эле тамак жасоо процессин смартфонуңуз аркылуу эле ишке ашырасыз. Ал үчүн үйдө, казандын жанында болуу да шарт эмес, жумуштабы, көчөдөбү, кайсы жерде болбоңуз, жогорудагы иштерди аткара аласыз.


Тараза-планшет

Өзүнүн кымбат баалуу телефонун же планшетин эч ким ашканада тактай катары колдоно албайт. А мына бул заманбап ашкана буюму дал ошол үчүн чыгарылган. Эки тараптуу бул планшеттин биринчи тарабына азыктарды туурап ашкана тактасы катары пайдалансаңыз, экинчи тарабы таразанын милдетин аткарат. Планшетти оодарасыз да, кайсы азык канча салмакта керек болсо тартып аласыз. Мындан тышкары бул планшет чала жуулуп калган жерлерин сизге өзү айтып турат.


Жумуртка үчүн контейнер

Сыртынан караганда 14 жумурткага ылайыкталган кадимки эле пластик контейнер. Бирок бул контейнердин ар бир жумуртканын качан туулганын, алардын пайдалануу мөөнөтү качан бүтөрүн аныктоочу өзгөчөлүгү бар. WiFi аркылуу иштеген бул буюм Wink тиркемесинин жардамы менен жумурткалар тууралуу жогорудагы маалыматтарды смартфонуңуздун экранына чыгарып турат.


Азыктын сапатын аныктоочу сканер

Британиялык дизайнерлер ар кандай азыктардын сапатын жана курамын аныктоочу сканер ойлоп табышты. Кызынын тамак-ашка болгон аллергиясынан азап тарткан Изабель Гофмана бул буюмдун түзүлүшүн ойлоп таап, Стивен Уотсон менен биргеликте идеясын иш жүзүнө ашырган.


Көмөч казан-тактай

Тамак жасоо процесси баарыбызга белгилүү: алгач керектүү азыктарды туурап алабыз, андан кийин казанга салабыз. Бирок дүйнөлүк ойлоп табуучулар тактай менен көмөч казанды бир буюмга айлантышты. Жаңы ойлонуп табылган бул буюмдун өзгөчөлүгү жасалган материалында. Ал материал ысыганда ийилип, чуңкур формага келет да, көмөч казандын ролун аткарат. А муздаганда тегиз калыбына келип калат, бул учурда бетине азыктарды туурап аны тактай катары пайдалансаңыз болот. Чекесинде болсо температуранын деңгээлин аныктоочу кошумча функциясы бар.

Интернеттеги шилтемер түзөтүү