Акыл-эси жайындалык
Акыл-эси жайындалык – кылмыш-жаза укугунда психикалык саламаттыгы жайында болгон адамдын абалы; өз аракеттери үчүн жооп берүүдөн жана аларды башкаруудан көрүнөт. Акыл-эси жайындалык күнөө коюунун жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун зарыл шарты болуп саналат. Акыл-эси жайындалык эгер соттук-психиатриялык экспертиза ага карама-каршы жыйынтык чыгарбаганда гана анык болот.[1]
Шилтемелер
түзөтүү- ↑ Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7