Окуу менен түшүнүү бир түрдүү эмес. Түшүнбөстөн окуган адамокуудан пайда болуучу ийгиликтуу максатка кызмат отобогон киши.
Тентектиктин эн зыяндуусу-убукытты сая кетируу.
Эртенки күнү кайгыга себепкер боло турган бүгүнкү шаттыктын кендей да мааниси жок.
Өздөрүнө керексиз нерселерди алуучулар кийин керектуу нерселерди сатууга мажбур болушат.
Идиштин сулуулугунда сөз жок, кеп анын ичиндеги нерсесинде.
Бактылуу болуш үчүн эмгекти жанындай сүйүп, ырахатты эмгектен көрө билүү ар бир адамга зарыл нерсе.
Эр киши эмгеги менен абийир табат, канча айыбы болсо да эмгеги жабат.
Көп китеп жыюудан, жана көп дос арттыруудан майнап жок. Кеп китеп менен досту тандай билүүдө.
Өзүн билимдүү, илимдүүмүн деп мактануу. Ошону менен сыймыктануу түркөйлүктүн бир көрүнүшү
. Жакшылык колундан келбесе - жамандыктан сактана бил.
Кагазга катталып калган жакшы наам-түгөнүп бүтпөй турган өмүр.
Өз даражана ылайыктуу орунду билип отурсан, ал орундан эч ким сени козгой албайт
Дили таза болбогон сезим-ар дайым илгери кеткен саатка окшош.
Жүрөктүн ырахатта болуусун кааласан, ар дайымдили таза, ак ниет бол.
Жалкоолук - муктаждыктын эшиги.
Жапа чекпеген жан жыргалдын кадырын билбейт.
Билбестик айып эмес, билүүнү каалабастык айып.
Бактысыздыктын белгиси – наадандык.
Кызганыч-жүрөктүн дат басышы, ожорлук - женилуунун себепчиси.
Эки аягын жүгүрсө, максатына жеткирет, тилин жүгүрсө башына бир балекет келтирет.
Чыныгы илимпоз өзүнүн илимине мактанбайт, анткени ал өзүнөн дагы зор илимпоз жана билимдуу жан бардыгын билет.
Өз каар - казабын жеңе билген адам келээр ырахат жыргалын камсыздандырат.
Адамдын эн ширин, жан жыргатар адал тамагы - өз эмгеги, кол күчү менен тапкан ырыскысы.
Абийир-намыс - жакшылыкты жамандыктан ажырата турган, жакшылыкка баштай турган эң касиети күчтүү кудурет болуп саналат.
Дилге түшкөн кара так темирдеги датка окшойт. Дат темирди жеген сыяктуу эле кара так дагы жүрөктү кемирет.
Инсандын эң биринчи асыл сапаты - башкалардын укугуна, данкына, ар-намыс, арзууларына урмат көрсөтүп, таазим кылууда.
Бул дүйнөдө ар бир нерсе өзгөрөт. Бирок асыл сапаттын каада-нарктары эч качан өзгөрбөйт.
Окуу менен түшүнүү бир түрдүү эмес. Түшүнбөстөн окуган адам – окуудан пайда болуучу ийгиликтуу максатка кызмат отобогон киши.
Тентектиктин эң зыяндуусу-убукытты сая кетирүү.
Эртенки күнү кайгыга себепкер боло турган бүгүнкү шаттыктын кендей да мааниси жок.
Өздөрүнө керексиз нерселерди алуучулар кийин керектүү нерселерди сатууга мажбур болушат.
Идиштин сулуулугунда сөз жок, кеп анын ичиндеги нерсесинде

Автор: Рысбекова Н.