Ак-Булуң жарым аралы - Ысык-Көлдүн түш. жээгинде. Туурасуунун шиленди конусунун чыгыш четинде жайгашкан. Тоң р-нун аймагында.

Жарым арал көлдүн түбүндө жээк бойлой созулуп жаткан кумдук, чополуу жалчалардын ачылып калышынан пайда болгон; 1930-жылкы топогр. картада азыркы жарым аралдын ордунда суу астындагы таштардын белгиси гана көрсөтүлгөн. Кийин мындагы тайыздыктар суу тартылганда жарым аралга айланып, жээкке кошулган (1950-ж.). Аянты 1981–84-ж. 0,0542 км2ге чоңойгон. Азыркы кум жалчаларынын бир бөлүгү талкаланып, кум плиталарына айланган; алардын арасына кум толгон. Жарым аралдагы Акбулуң колтугу чакан кемелер токтоого өтө ыңгайлуу жай; тереңдиги 3–4 м. Таманы илээшкек ылайлуу, балырлар өсөт. Жарым арал ж-а анын акваториясы куштардын (а. и. аккуу) кыштоочу жайы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2