Ак-Дөбө І шаар калдыгы - 7-12-кылымга таандык археологиялык эстелик. Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө кыштагына жакын Үрмарал суусунун оң өйүзүндө, Тараз - Талас автожолунан 75 км аралыкта жайгашкан. Шаар калдыгы үч бөлүктөн: сепил (цитадель), шахристан жана рабаттан турат. Шахристан 6 бурчтуу формада болуп, жалпы узундугу 1080 м. Ал дубал чеп менен коргондолуп, мунаралар менен бекемделген. Сакталып калган дубалдын бийиктиги 2,5 м. Шаарга түндүк жагындагы дарбаза аркылуу киришкен. Дарбазалардын жанында мунаралар тургузулган. Сепил шахристандын чыгыш тарабында жайгашып, айланасы туракжайлар менен курчалган. Айрыкча шаардын чыгыш тарабында көп турак жай курулуштары орун алган. Шахристанды айланта калк жашаган рабат жайгашкан. Археологиялык казууда чийки кыштан тургузулган имарат урандылары, чарбалык маанидеги курулуштар ачылган. Темир эритүүчү мештин жана металл калдыктары, чопо казан, кумура, жыгач аяктар, бычак, мал сөөктөрү табылган. Карапа идиштери оймо-чиймеленип, сыр менен кооздолгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1