Ак-Сай, өзөн, Тоң району
Ак-Сай (Тоң району) – Тоң районундагы суу, Тоңдун сол куймасы. Тескей Ала-Тоонун түндүк капталынан башталып, Жерүй менен Көк-Сай суулары кошулганда Ак-Сай деп аталат.
Ак-Сай
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 36 км |
бассейндин аянты | 340 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Узундугу 36 км, алабынын аянты 340 км2. Кууш капчыгай аркылуу өтүп, Ак-Сай кыштагы тушта терең сай аркылуу агат. Ысык-Көлгө 4 км жетпейт. Тоң суусуна куят. Алабындагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 44 км2.
Ири куймалары
түзөтүүЖерүй, Көк-Сай. Июнда кирип, октябрда тартылат.
Жылдык орточо чыгымы 3,06 м3/сек, эң көбү 4,49 – 8,45 м3/сек, эң азы 1,49–1,60 м3/сек.
Сугатка пайдаланылат. Боюнда Ак-Сай кыштагы орун алган.
Адабият
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2