Ак-Сай мөңгүлөрүКыргыз Ала-Тоосунун түндүк тармагы-Аюу-Төрдүн батыш капталындагы жанаша жаткан 2 мөңгү (Чыгыш жана Батыш). Ала-Арча суусунун алабынан орун алган. Өрөөн тибиндеги мөңгүлөргө кирет. Чыгыш Ак-Сай мөңгүсүнүн узундугу 6,2 км, аянты 4,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4870 м, этеги 3220 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4120 м. Батыш Ак-Сай мөңгүсүнүн узундугу 6,4 км, аянты 4,4 км2. Деңиз деңгээлинен эң бийик жаткан жери 4840 м, этеги 3220 м. Кар чегинин бийиктиги 4120 м. Мөңгүлөр акырындап чегинүүдө. Этек мореналары даана байкалат. Алардан Ак-Сай суусу башталып, Ала-Арчага оң тараптан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1