Ак-Суу, Лейлек районундагы суу

Ак-Суу, Лейлек районундагы суу – Сыр-Дарыянын сол куймасы. Узундугу 93 км, алабынын аянты 1170 км2. Түркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы Айкөлгө жакын жерден башталып, адегенде терең жана кууш капчыгай аркылуу түштүк батышты карай агып, андан кийин түндүктү көздөй бурулуп, Фергана өрөөнүнө чыгат. Жогорку агымы Зардалы деп аталат. Ири куймалары: Сумбула, Дакат-Суу ж. б. Майда кирип, июлда ташкындайт да, октябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 3,81 м3/сек; эң көбү - 13,6 м3/сек, эң азы - 1,17 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Андарак кыштагы, Нау шаары жайгашкан.

Ак-Суу
Мүнөздөмө
Узундугу 93 км
бассейндин аянты 1 170 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1