Ак-Суу (Каракол) кум–шагыл кени

Ак-Суу (Каракол) кум–шагыл кени Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Каракол шаарынан 4 км чыгышта, Каракол суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1845–1955 м бийиктикте. 1965-ж. Чүй геол. экспедициясы тарабынан геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын антропогендин чөкмө тектери түзөт. Шагыл менен кум флювий-гляциал чөгүндүлөрүнөн пайда болгон. Кум-шагыл катмарынын калыңдыгы 100 мге чейин. Гранит, диорит, кумдук, сланец жана акиташ тектеринин сыныктарынан турат. Начар жумуруланган кесек шагылдуу. Кумдуу чопо менен камдашкан. Кесекчелердин 40 ммден ирилери 40% (ошондуктан шагылды майдалоого сунуш кылынат), 5 ммден майдалары 30%, жалпак формадагысы 8%, көлөмдүк массасы 1500 кг/м3. Кум ири бүртүкчөлүү, полимиктүү (кесектик модулу 2,4 – 2,5), арасында 16%ке чейин чаң жана чопо бар. Көлөмдүк массасы 1400 кг/м3, органикалык кошундулар жок, слюда 1%. Кендеги кум–шагылдан “400” маркасындагы бетон жасалат, жол курулушуна пайдаланылат. Запасы А+В+ С1 категориясы боюнча 11654 миң м3. 1997-жылга карата баланстагы запасы: В – 824 миң м3, С1 – 7608 миң м3, В+ С1 – 8432 миң м3, С2 – 6269 миң м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү