Ак-Терек-2 кум-шагыл кени - Ош облусунун Кара-Суу районунда. Ош шаарынан 10 км түштүк-батышта, деңиз деңгээлинен 1170-1350 м бийиктикте. 1984-ж. геологиялык чалгындоо иштери аткарылган. Кен неоген-төмөнкү төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон борпоң кум-шагыл чөгүндүлөрүнөн турат. Кум-шагылдын калыңдыгы 68 мден 90 мге чейин өзгөрөт. Кесек кошумча 18% койташтан, 50% жумуруланган таштан, 26,5% кумдан турат; 0,14 ммден майдасы 5,14%. Кум-шагылды бетон даярдоого жана жол курулушунда пайдаланууга болот. Запасы В - 6236 миң м3, С1 6559 миң м3, В+С1 - 12795 миң м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1