Ак-Өлөң жарым аралы - Балыкчы булуңунун батыш жээгинде.

Акөлөң кыш-нан (Тоң р-ну) 6,3 км түн.-чыгыш тарапта. Көлгө карай 2 км кирип жатат, туурасы 3 км. Мурда арал болуп (аянты 66480 м2) жээктен 130 м аралыкта турган (1956-ж.), кийин ага кошулуп, жарым аралды түзгөн. Жарым аралдын аянты 1957-жылдан 1982-ж. чейин 0,6749 км2ге, 1981–84-ж. 0,0046 км2ге чоңойгон. Суу астындагы бөлүгүндө 3–5 м тереңдикке чейин кум жалчалары жатат. Кум-шагылдуу жээк жалчалары, сайроондор ж. б. мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2