Ак гүлдүү бозунач
Ак гүлдүү бозунач (лат. Anaphalis, L.), (Цмин) деңиз деңгээлинен 2500 м бийиктиктеги тоолуу аймактарда кездешет.
Гүлү сары, кооз. Анын курамында эфир майы, органикалык кислоталар, жогорку молекулалык спирт, минералдык туздар, инозит жана микроэлементтер бар. Медицинада боор ооруларына колдонуучу дары-дармектерге кошулат.
Аны кургатып, кайнак сууга демдеп, чыпкалап, жарым стакандан күнүгө 3 жолу чай катары ичүүгө болот.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9
- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4