Ак жаан - майдалап узакка жааган жамгыр. Тамчыларынын диаметри 0,5 ммден ашпайт, адатта катмарланган булуттан же тумандан түшөт. Ак жаан узакка созулгандыктан жерге жакшы сиңип, эгиндин, өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө ыңгайлуу шарт түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1