Ак жарык – адамдын нормалдуу көзү сезген, нейтралдуу түстүк катыштагы, спектрдик курамы татаал электр-магниттик нурлануу.

Мындай нурланууну көз өтө эффекттүү сезет, анткени көздүн эң чоң сезгичтиги күндүзгү шартта λ=5500нм областына туура келет. Ак жарык Күндүн чачыраган нурлануусунан, о. эле өтө жогорку температурага чейин ысытылган тунук эмес катуу жана суюк нерселердин нурлануусунан пайда болот. Сезилүүчү Ак жарык белгилүү сандагы катышта алынган эки кошумча түстөгү нурланууну же үч монохроматикалык нурланууну аралаштыруу жолу менен алынат. Ак жарыкты сызыктуу эмес чөйрөдө кубаттуу эң кыска лазердик импульстардын таралышы түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү