Ак карагай (лат. Abies sibirica var. semenovii), (B. Fedtsch.) - Дайыма жашыл, бийиктиги 30 м, туурасы адамдын көкүрөгү ченде 1 м ге чейин жеткен, 300-350 жылдарга чейин жашаган дарак. Дарак турпаты ичке пирамидадай, колонна сызыктуу, жаа бутасындай же чатырча сымал. Ийне жалбырагынын узундугу 4 см ге чейин, жалгыздан, жалпак, сызгычтай, билинер-билинбес кош учтуу, теги бир аз буралган, үстүнөн күңүрт -жашыл, асты жагынан ачык-көк түстүү үт сымал сызыктуу, вегетативдүү өркүндөрүндө түз же бир аз ийилген, генеративдик – ийилген, жазы жана катуу, ийне жалбырактары 15 жылга чейин жашайт. Тобурчактары жумуру-цилиндрдей, узундугу 8-10 см, туурасы – 3-4 см. Түрпүлөрү аздыр көптүр жазы шынаа сыяктуу, учунан четтери имерилген. Уругу кыска канаттуу, алардан 1,5 эсе кыска.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

 

Көлөкөгө чыдамдуу, мезофит. Уругу жана жетелеме бутагы аркылуу көбөйөт. Уругу Тянңшанң карагайлары менен аралаш отургузулса өсүүсү канааттандырарлык, ал эми жаңгак жана түнт ийне жалбырактуу токойлорунда начар өсөт. Нукура ак карагайлар отургузулган учурда өнүүсү начар. Баштапкы отургузулган жылдары жай өсөт, уруктануусу 50-60 жылдан кийин башталат.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Батыш Тянңшанң: Атойнок, Узунакмат жана Чаткал тоо кыркаларынын тизмеги, аз аймактарда Талас тоосунун Бешташ дарыясынын капчыгайында жана Суусамыр Алатоосунун Кызылкөл, Чычкан капчыгайларынын чыгыш тарабында кездешет.

Өсүү шарттары түзөтүү

Деңиз деңгээлинен 1300-2800 м ге чейинки бийиктиктердеги түнт, ийне жалбырактуу токойлор алкагы. Негизинен түндүк, түндүк-чыгыш беттерде Тянңшанң карагайы менен чогуу, ошондой эле жаңгак жана түнт ийне жалбырактуу токойлордун төмөнкү чегинде жана суу өрөөндөрүндөгү бадал, дарактар менен аралаш өсөт. Ак карагай токойлорунун өсүп- өнүүгө өтө ылайыктуу деп ортонку тоо алкактарынын 2000 ден 2500 м ге чейинки бийиктиктер эсептелет.

Саны түзөтүү

Кыргыз Республикасында ак карагай токойлору 3,7 миң га аянтта сакталып калган. Кийинки 10 жылдын ичинде отургузулган дарактар 0,5 миң гектарга көбөйгөн. Бирок жалаң ак карагайлар кездешкен аянттар сейрек учурайт.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Өткөн мезгилдерде ченемсиз кыйуулар. Токойлордун өрттөлүшү, мал жаюу, козукарын дарттары - ценангиялык рак оорусу.

Өстүрүү түзөтүү

Көптөгөн ботаникалык бактарда өстүрүлөт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргыз ССРинин Министирлер Советинин токтомунун негизинде 1975-жылдан бери республиканын аймагында корукка алынган. СССРдин Кызыл китебине (1984), Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген. Бул түр Сарычелек биосфералык коругунда коргоого алынган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Түр кеңири таралган аймактарда ботаникалык заказниктерди уюштуруу зарыл.

Статусу түзөтүү

VU. Батыш Тянь-Шандын реликт жана эндем түрү. Декоративдүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү