Ак куулар (лат. Cygnus) - каз сымалдар түркүмүнүн өрдөктөр тукумундагы уруу. Өңү демейде ак. Узундугу 150 смге чейин, моюнунун узундугу денесинин узундугуна барабар же андан да ашат. Чумкушпайт, суу түбүндөгү жемине жете турган суусу тайыз жерлерди байырлайт. Ак куулардын 6 түрү, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн аймактарында 3 түрү (ышылдак, куркулдак куу жана кидик куу) кездешет. Ал кооз куш, анын кара түстөгү түрү - каракуу (C. atrata) да бар. Кара куунун мекени - Австралия, Тасмания ж.б. Экиден жупташып, көп жыл бою жашашат. Уясына 3-5 жумуртка тууп, аларды эркеги менен ургаачысы алмак-салмак басып чыгарат. Өсүмдүк менен азыктанат. Аларга аңчылык кылууга тыюу салынган. Кыргызстанда ышылдак жана куркулдак куулар Кызыл китепке катталган.

Аккуу (Cygnus cygnus).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1