Ак куурай - (spiraled) - чанактуулар тукумунун уруусу, көп жылдык чөп өсүмдүк. Бийиктиги 130 см, бозомтук, жыш түктүү, жыттуу, өзөк тамыры кыртышта терең өсөт. Сабагы тик, бутактуу, жөнөкөй жана татаал жалбырактуу, жалбырак сабы кыска. Мөмөсү - чанак, бир уруктуу, анын сырты түктүү. Дүйнөдө 130га жакын түрү субтропик аймактарда таралган. Кытайда жана Индияда айдалат. КМШ өлкөлөрүндөгү 3-4 жапайы түрүнүн көбү отоо чөп. Айрымдары жашылдандырууда, дары катары элдик медицинада, тамак-ашка, айыл чарбасында тоют чөп катары, жеңил өнөр жайда була алуу үчүн кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1