Aк кaнaттуу тоңкулдaк (Dendrocopos leucopterus), (Salvadori, 1870):

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Ички Азиянын Орто жана Батыш бөлүгү. Батыш Узбойдон, Арал деңизинин түштүк жана чыгыш жээктеринен чыгышты карай Богдошанң тоо кыркасына жана Лобнор көлүнө чейин. Түндүктөн Сырдарыянын чатына, Чунун ылдый жагына, Балхаштын түштүк жээгине, Борохоро тоо кыркаларына чейин. Түштүктү көздөй Копетдагдын этегине, Паропамиздин этегине, Гиндикуштун түндүк тоо этегине, Алтынтаг тоо кыркаларынын түндүк этегине чейин . Кыргызстанда кээде Нарын жана Атбашы дарыяларынын жайылма токойлорунда, Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак токойлорунда көбүрөөк кездешет. Алай жана Фергана тоо кыркаларында, Бишкекте кездешкен .

Жашаган аймактары түзөтүү

Жалбырактуу токойлордо жашайт. Бийик тоолорго деңиз деңгээлинен 2800 м бийиктикке чейин көтөрүлөт.

Саны түзөтүү

Системдүү маалымат жок. Жаңгак токойлорунда жана Фергана тоо кыркаларынын жана өрөөнүнүн бактарында адатта кездешүүчү канаттуу (1-3 особ/кв.км) . Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары).Отурукташкан түр. Уялоо биологиясы боюнча маалымат үзгүлтүктүү. Жалбырактуу бактардын көңдөйлөрүндө уялайт, жупташуу апрелдин ортосунда жүрүшү мүмкүн. Жумуртка туу мезгили белгисиз. Чоңдорунан айырмаланбаган жаш канаттуулар токойдо июлдун ортосунда кездешет. Өзгөчө зыяндуу курт-кумурскалар менен, жаңгактын данеги жана жапайы данектүү өсүмдүктөрдүн мөмөсү менен азыктанат .

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Уялоого ылайыктуу көңдөйлүү эски бактарды контролсуз браконңердик кыюуу.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргызстанда бул түрдү коргоо боюнча атайын чаралар колдонулган эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Санитардык иш-аракеттерди жүргүзүүдө дагы эски бактарды контролсуз кыюууну чектөө, токойдун климакстык стадиядагы бөлүктөрүндө кичи заказниктерди түзүү. Биотехникалык иш-аракеттерди орнитологдор менен макулдашуудан кийин жүргүзүү.

Статусу түзөтүү

VII, Least Concern, LC. Монотиптүү түр .

Колдонулган адабияттар түзөтүү