Ак маңдайдай пиретрум
Ак маңдайдай пиретрум (лат. Pyrethrum leontopodium, (C. Winkl.) Tzvel) - Бийиктиги 3-15 см чейин жеткен көп жылдык өсүмдүк. Өтө жыш, темгилдүү безчелери анча билинбеген, булалангандыктан жалбырактарынын жалпы түзүлүшү байкалбастан, агыш болуп көрүнөт. Тамыр моюнчасындагы тамырларынын узундугу 4 см ге чейин, туурасы 1,5 см, узун, түбү жоон саптуу, жалбырагы сүйрү же ылдый караган жумурткадай, эки ирет ( кээде үч ирет) канаттай тилкелүү, акыркы бөлүктөрү сызгычтай-ланцеттүүдөн сүйрүгө чейин, узуну 1 мм ге жетет, учтугуй же учу жок. Сабактагы жалбырактары кичирээк жана анча тилкелүү эмес, сапсыз. Гүлдөрү себеттей топ гүлгө чогулган. Гүл коргону бирден, узун келген жыш кийиздей ак түктүү гүл саптуу. Ороочторунун диаметри 10-20 мм.
Биологиялык өзгөчөлүктөрү
түзөтүүИюлң-августта гүлдөп, август-сентябрда мөмөлөйт.
Жалпы жана өлкөдө таралышы
түзөтүүТарбагатай, Жунгар Алатоосу, Тянңшанң, Памир-Алай. Кыргызстанда – Күңгөй, Тескей Алатоо, Фергана, Кыргыз тоо кыркалары, Сарыжаз жана Кайыңды сууларынын бассейниндеги тоолор.
Өсүү шарттары
түзөтүүСуулардын өзөнүндөгү майда шагыл-таштар, мореналар, таштуу бийик тоо алкактарындагы беттер.
Саны
түзөтүүПопуляциялары аз санда.
Чектөөчү факторлор
түзөтүүМал жайып, гүлүн үзүп-чогултуу.
Өстүрүү
түзөтүүМаалымат жок.
Уюштурулган коргоо аракеттери
түзөтүүКоргоого алынган эмес.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер
түзөтүүТүр кездешкен аймактарды коргоп, анын популяцияларын санын иликтеп, гүлүн чогултууга тыюу салуу.
Статусу
түзөтүүV U . Эндем түр.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2