Ак — ордо борборлошкон элдердин башкаруучусунун же жоокердик кошундун жетекчисинин туруктуу жайы. Эпосто Манастын А. о-су башка үйлөрдөн көлөмүнүн чоңдугу жана кооздугу боюнча өзгөчөлөнүп сүрөттөлөт. Ал жада калса бор менен бордолуп, ак кийиз менен жабылган көрүнүшү боюнча да айырмаланат. Жазма булактар маалыматтарына караганда байыркы гунндардын(3—5-к.) жана түрктөрдүн (6—8-к.) доорунда бир жерден сейрек көчүрүлгөн А. о-нун болгондугу айтылат. Көкүнор көлүнүн жээктеринен кетишип, Тибет мамлекетин башкарышкан «жетекчилердин» да бир нече жүздөн ашык адамдар бата турган үйлөрдө жашай тургандыгы кытай жазмаларында да айтылган. Мындай үйлөрдүн керегелерин «кош кабат» жана ууктары улама болгон көрүнүштөрдү Миң-Суу ойдуңунда аскага чегилген сүрөттөрдөн (2—3-к.) жана 14-к-дын биринчи жарымында тартылган «персиялык минатюралардан» көрүүгө болот. Эпосто айтылган А. о-нун керегелери да эки кабат болуп, бийиктетилип, ар бир канат керегенин ортосуна орнотулган түркүктөргө керегелер чырмалып бекемделген. Ал эми ошол керегеден түндүккө чейин ууктарды жеткизүү үчүн алар сөзсүз түрдө бири-бири менен улаштырылат. Өз учурунда жерге орнотулуп, узун түркүктөр менен карматылган иймек чоң айлана түрүндөгү туура жыгачтар улаштырылган ууктардын асты жак ортосунан тиреп турган өбөк болуп калат. Ошондо гана А. о-нун жыгачтан кынаштырылып тургузулган бийик жана кенен көрүнүшү пайда болот. Үйдүн ушул жыгачтарына ак кийиздер жабылганда маңкайып башкалардан өзгөчөлөнгөн А. ошондой үйдүн тигилгенин көрөбүз. Эпосто айтылган Манас баштаган кырк чоро, кербендер, дагы толуп жаткан коноктор кенен баткан, эшигинен атчан адам эркин кирип чыккан эпикалык А. о-нун турмушта болгондугун ырастайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4