Ак серке - кыргыздын улуттук тамактарынын бири; эзилген сүзмө, курут же айран катыкталган шорпо. Ак серке шорпого азыраак суу кайтарып, кесме салып бышырып, сүзүп алгандан кийинки кесменин шорпосуна кымыз, айран же эзилген сүзмө, курут катыктоо менен даярдалат. Эттин шору, кесменин маңызы, катыктын ачкылы - үчөө кошулган ак серке ток жана даамдуу болот. Ак серке тамакты сиңирүү үчүн суусундук катарында «беш бармактан» кийин ичилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1