Ак төштүү карабоор (Pterocles alchata), (Linnaeus, 1758):

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Түштүк Европа, Кичи, Алдынкы жана Орто Азия. Кыргызстандын территориясында Нарын областында жана Атбашы дарыясынын жайылмасында учуп өтүү мезгилинде гана кездешет .

Жашаган аймактары түзөтүү

Башка кара боорлорго караганда кумдуу жерлер менен көбүрөөк байланышкан. Көпчүлүк учурда чополуу жана шор жерлер менен кезектешип турган дөңдүү кумдарда жашайт. Сууга жакын жерлерде уялайт

Саны түзөтүү

Так маалымат жок, бирок бардык жерде аз санда. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Жазда марттын аягында апрелдин башында кездешет. Колония болуп уялайт, уясын кумдуу дөңдүн жантаймасында же чополуу жерлерде, көбүнчө өсүмдүктөрдүн көлөкөсүндө салышат. Бир басканга 2-3 жумуртка тууйт. Ата-эне экөө тең 21-23 күн басышат. Балапандары чоңойгондо үйбүлөлөр чогулуп көчүшөт

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Изилденген эмес.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Атайын коргоо иш-аракеттери иштелип чыккан эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Түрдү коргоону пропагандалоо.

Статусу түзөтүү

VI категория, Near Threatened, NT: R Аз сандуу түр, аз изилденген. P.a.caudatus ( S.G. Gmelin, 1774) түрчөсү кездешүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү