Алабугалар (лат. Perca, L. 1758) - балыктардын алабугалар тукумунун уруусу. Узундугу 50 смге, салмагы 23 кгга жакын, көпчүлүгү алакөгүш келип, кабырчыктары жок. Анын 3 түрү (кадимки, балхаш жана сары алабугалар) бар. Кадимки алабугалар Евразиянын тузсуз сууларында кеңири таралган. Кыргызстандын Чүй, Талас сууларында, Ысык-Көлдө жана ага куюучу сууларда кездешет. Ысык-Көлдө анын 2 түрчөсү жашайт. Апрель айында көл өсүмдүктөрүнө 10-20 миңдей уругун таштайт. Көлдө өскөн балыр, курт-кумурска, моллюска, үлүл, муунак буттуулар жана алардын личинкалары менен азыктанат. Ага балык уулоо жүргүзүлөт.

Perca flavescens.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1