Алай-Ош элдик кыймылы

элдик кыймыл.

Алай-Ош элдик кыймылы - 1845-ж. Алай, Ош аймагындагы кыргыздардын Кокон хандыгына каршы элдик көтөрүлүшү. Алайда башталган кыймыл кыска мезгил ичинде Ош аймагына чейин жайылып, Кокон хандыгынын коопсуздугуна коркунуч туудурган. Ошол кезде хансарайды бийлеп турган Мусулманкул мпңбашынын Ташкенге кеткендигинен пайдаланып, көтөрүлүшчүлөр Ошту басып алышкан. Көтөрүлүш жөнүндө кабарды уккан Шахрихан вилаетинин акими кыпчак Мухаммед Назар Көр оглы кошуун топтоп, көтөрүлүшчүлөргө каршы аттанган. Ошол эле мезгилде Ташкендеги Мусулманкулдун кошууну шашылып кайтып келип, Көр оглынын кошууну менен бирдикте көтөрүлүшчүлөрдү талкалаган. Мусулманкул миңбашы Ошту багындырып, кыймылга катышкан кыргыздарды аёосуз жазалаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1