Алай искандерасы (Iskandera alaica (Korsh.) Botsch. et Vved.), (Matthiola albicaulis Boiss. var. alaica Korsh.) - Көп жылдык, жыгачтанган бутактуу, көп башчалуу каудекстүү, эски жалбырактардын калдыктары менен капталган, жалбыраксыз, түксүз сабагынын бийиктиги 20 (50) см ге чейин жеткен өсүмдүк. Жыш, майда жабышкак түктүү жана чачыранды чоң тоголок башчалуу безчелер өсүмдүктүн бүткүл турпатын бозомук көрсөтөт. Жемиштүү өркүнү калыңыраак, түксүз, бийиктиги 8-11 см. Жалбырактары тамырына жакын жайгашып, бозомук- жашыл, бүтүн кырдуу, узунча-тескери жумуртка сымал. Гүл коргону сыяга боөлгондой. Желекчелеринин узундугу 20-25 мм, сыя. Саадакчалары жазы сызыктуу, узундугу 6 см ге чейин, туурасы 5-8 мм, жалпайган, учунда эттүү тумшуктуу. Саадакчаларынын бут- таякчаларынын түктүү булалары жок.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июнда гүлдөп, июлда уруктайт. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Кыргызстан: Алай өрөөнү, Кызылэшме беттери, Кашкасуу суусунун өзөнү.

Өсүү шарттары түзөтүү

Ортоңку жана бийик тоо алкактарынын акиташтуу, чополуу тектери.

Саны түзөтүү

Өтө эле аз.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Жайыттарды малга үнөмсүз пайдалануунун негизинде, аларга күч келип, өсүмдүктөрдүн кайрадан калыптануусуна тоскоолдук кылат.

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Түрдүн популяциясы көп учураган Кашка-Суу суусунун бассейнинде ботаникалык заказник уюштуруу зарыл.

Статусу түзөтүү

VU. Өтө сейрек кездешүүчү кууш эндем түр. Республикада тукумдун жападан жалгыз түрү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү