Алай книдиокарпасы (Cnidiocarpa alaica), (M. Pimen) - Поликарптуу көп жылдык өсүмдүк. Тамыр сабагы жерге туурасынан төшөлүп өсөт. Тамыр моюнчасындагы жалбырактары кыска ланцеттей, кырлары ак кыюусу менен, жалбырак кучактуу, сыртынан үч бурчтуу, биринчи жана экинчи сегменттери көңдөй, кыска жалбырак саптуу, арткы бөлүктөрү ланцеттей же жумуртка сымал ланцеттей, кырлары кичинекей айчыктуу же тегиз эмес тишчелүү. Сабактагы жалбырактары кыска саптуу же сапсыз, сабакты толугу менен курчаган жалбырак кучактуу. Сабагы бирөө же бир нече болот. Тамыр моюнчасынан өскөн жалбырактары ланцеттей же созулуңку жумурткадай, жээги майда айчыктуу же майда тишчелүү. Сабактагы жалбырактары кыска саптуу же сапсыз, колтуктуу. Чатырча топ гүлү 15-40 нурдуу, алар шибегедей учтуу ороочтуу же ороочсуз; чатырчалары 20-30 гүлдүү, алар туурасы 2-4 мм келген ороочтуу.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июлда гүлдөп, августта мөмөлөйт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Алай кырка тоосунун түштүк беттери, Тажикстан менен чектешкен жердеги Карамык айылынын тегереги.

Өсүү шарттары түзөтүү

Агын суулардын жээктериндеги саздуу аймактар.

Саны түзөтүү

Топ-топ болуп аз санда кездешет.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Белгисиз.

Өстүрүү түзөтүү

Маалыматтар жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Коргоого алынган эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Сан- өлчөмүн тактап, түр өскөн жерлерди корукка алууну камсыз кылуу.

Статусу түзөтүү

VU. Монотиптик тукумдун сейрек кездешкен өкүлү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү