Алай көп башы, тармал чөбү

Алай көп башы, тармал чөбү (Centaurea alaica), (IIjin) - Бийиктиги 80-100 см ге чейин жеткен көп жылдык өсүмдүк. Жалбырактары узунча- жумуру, шуштугуй, кыры кемирчек-тишчелүү, түбүнө бир аз ичкерген; төмөнкүлөрү – саптуу, бүтүн кырдуу; ортоңкулары – канаттай өтө кыска саптуу же сапсыз, бүтүн кырдуу же түбүндө аз сандаган каптал сегменттүү. Гүлү сары, себет топ гүлүнө чогулган. Ороочтору түксүз, узундугу 2, туурасы 1,5 см ге чейин; сырткы жана ортоңку ороочторунун жалбыракчаларынын өсүндүлөрү жок, кээде ичке чел кабыктай жээктүү; эң ичкилери – өтө чоң эмес өсүндүсү менен. Мөмөсү көкүлүү урукча.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июнң-июлда гүлдөп, июлң-августта мөмөлөйт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Фергана тоо кыркасы: Тар суусунун өзөнү, Алай тоо кыркасы, Тянңшанң, Памир-Алай.

Өсүү шарттары түзөтүү

Ортоңку жана төмөнкү тоолордогу таштак беттердеги алкактар.

Саны түзөтүү

Популяциялары аз санда.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Себептери аныкталган эмес.

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Коргоого алынбаган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Түрдүн сан-өлчөмүн, популяцияларын аныктап, учураган аймактарды коргоого алуу зарыл.

Статусу түзөтүү

V U . Эндем түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү