Алай музыкалык драма театры

Алай музыкалык драма театры - Кыргызстандагы элдик театрлардын бири. Гүлчө айылдык клубу 1946-ж. маданият үйүнө айланган. Анда драма ийрими уюштурулуп, К. Эшмамбетовдун «Кожокенин ийгилиги» аттуу бир көшөгөлүү пьесасы коюлган. Кыргыз ССР Маданият министрлигинин коллегиясынын чечими менен Алай райондук маданият үйүнө «Алай элдик театры» деген наам берилген, 2002-жылдын 30-майында Алай музыкалык драма театры болуп кайра түзүлгөн. Алгачкы режиссёру - М. Жакыпов, сүрөтчүсү С. Тобоев. Театрга М. Тойбаевдин «Шектенүү» (1960), М. Жакыповдун «Ак мөлмөл» (1961) аттуу бир актылуу, кийин Р. Шүкүрбековдун «Жакшынын шарапаты» (1964), К. Маликовдун «Айланган тоонун бүркүтү» (1966), К. Жантөшевдин «Каныбек» (1969) ж. б. көп актылуу драмалары коюлган. Бул театрдын артисттеринин арасынан республикалык кароолордун бир топ лауреаттары өсүп чыкты.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1