Алай наталиелласы (Nathaliella alaica), (B. Fedtsch) - Көп жылдык, жапыз бойлуу, тик жана калың тамырлуу, сабаксыз чөп өсүмдүк. Каудекси жан тамыр жалбырактардын калдыктары менен жыш жабылган, кыл сымал түктүү, жан тамыр розеткалуу, бүтүн, узунча-жумуртка сымал, узун жалбырак саптуу (жалбыракка теңдеш), көптөгөн сандагы жалбырактары бар. Гүлдөрү тамырга жакын жайгашкан, узундугу 2-2,5 см, кыска гүл саптуу, сыя-кызгылтым, узун түтүкчөлүү, билинер-билинбес эки эриндүү, 5 анча тең эмес бөлүкчөлүү имерилген. Аталыгы 4, мамычасы жазы чаң алгычтуу. Кутучасы эки уялуу, түксүз. =====

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июнң-июлда гүлдөп, уруктайт. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Өзбекстан, Кыргызстан: Шахимардан, Исфайрамсай сууларынын бассейни, Курбанкөл көлүнүн тегереги.

Өсүү шарттары түзөтүү

Таштак тоо беттери, аска-зоолор.

Саны түзөтүү

Популяциясы өтө эле аз, жоголуп кетүү коркунучу бар.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Адамдын чарбачылык иштери, өскөн аймактарынын бузулушу.

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

СССРдин Кызыл китебине (1984) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Түрдүн азыркы кездеги популяциясынын абалын изилдеп, максималдуу кездешкен аймактарда ботаникалык заказник уюштуруп, декоративдүү өсүмдүк катары өстүрүү зарыл.

Статусу түзөтүү

CR B2ab( i i i ). Гималайдан келип чыккан, сейрек кездешкен, монотиптүү тукумдун эндем түрү. Декоративдүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү