Алай физохлайнасы (Physochlaina alaica), (E. Korot) - Тамырлары 2 м ге чейин терең кеткен, сындырганда морт тамырлуу, көп жылдык өсүмдүк. Көптөгөн түз өскөн бутактуу, сейрек жана без түктүү, бутактарынын бийиктиги 50 см ге чейин жетет, жалбырактарынын узундугу 6-10 см, туурасы 4-7 см, жазы жумуртка сымал, түбүнөн конустай, узун жалбырак саптуу. Жалбырактары үстү жагынан түксүз, астынын негизги боочолорунун буласы сейрек, жазы жумуртка сымал, учунан тегерек, бүтүн кырлуу же айчык тишчелүү. Топ гүлү – башчалуу-манжа сымал. Гүлдөрүнүн киргил-сары-кызгылт жана каралжын тактары бар. Чөйчөкчөсү без түкчөлүү, мөмөсү калың кабыктуу. Гүл коргонунун узундугу 12- 16 мм. Аталыгы жипчелери менен эни боюнча ийилмесиндей, теги булалуу. Кутучасынын узундугу 10-12 мм, туурасы 8 мм. Уруктары саргылт, бөйрөк сымал, бир капталы басырыңкы.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Уругу аркылуу көбөйөт. Май-июнң айларында гүлдөп, июлң айынын аягында уруктанат. Жалпы жана өлкөдө таралышы. Түркстан жана Алай кырка тоолору (Исфара, Сох жана Шахимардан дарыяларынын өзөнү) – Тажикстан жана Кыргызстан.

Өсүү шарттары түзөтүү

Аскалардын жана бадалдардын көлөкөлөрүндө, арчалуу токойлордун ачык аянттары.

Саны түзөтүү

Өтө аз санда.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Жайыттарда малды башаламан откоруудан жана мелиорация иштеринин кесепетинен саны азайып баратат.

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Атайын коргоо аракеттери иштелип чыккан эмес. 1981- жылдан бери Кыргыз ССРинин Кызыл китебинде катталган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Популяциялары учураган Селик жана Кичик капчыгайларында корукка алуу максатында ботаникалык заказниктерди уюштуруу зарыл.

Статусу түзөтүү

V U . Сейрек учуроочу эндем түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү