Алакчындар — байыркы кыргыз уруусу. Алакчындар адегенде «Цзю-Таншуда» (Тан династиясынын жыл баяндары, 7-10-кк.) «Ге-ло-чжи», «э-ло-чжи», «бо-ма» (ала аттуулар уруусу) формаларында 638-жылы эскерилет. Ушул эле тарыхый жазма булакта алакчындар киргуттардын (кыргыздардын) курамына кирген уруу экендиги баяндалат.«Бо-ма»(Алакчын) уруусу «Цзю-Таншуда» «ту- цзюэден» (түрктөрдөн) түндүккө карай 14 000 ли аралыкта көчүп- конуп жүрүшөт, 30 000 аскер коюуга чамалары жетет, алар турган аймакта кар көп жаайт, жерди соколуу ат менен иштетишет. Алардын жылкылары ала түстө, ошондон улам алардын жергеси Алакчын (Бо-ма = кытай транскрипциясы, 7-10-кк.) деген ат менен белгилүү. Деңизге чукул байырлаган бул эл жылкы минишпейт, бирок анын сүтүн тамак-аш азыгы катары пайдаланышат. Цзе-гу (кыргыздар) менен согуш абалында болуп турушат... Болжолу, бул маалыматтардан кыргыздар өлкөсүнүн ээлигинин кура- мына кирген алакчындар уруусу айрым учурларда көз каранды эместикке ээ болуп турушкандыгын байкоого болот. Буга, албетте, Түштүк Сибирдин катаал жаратылыш шарттары, бул аймактардын ыраактыгы да себепкер болгон. 7-9-кк. Ангара дарыясы аркылуу жана кыргыздарга баш ийген чыгыштагы башка уруулар менен (кыштымдар) алакчындардын ортолугунда табигый чек ара өткөн. Абул Гази Бахадур хан (16-к.) төмөндөгүдөй маалыматты жазат: «...бул дарыянын (Ангара-Мурен) боюнда ири шаар жайгашкан, анын айланасында курчалган сандаган айыл-конуштарда көп сандуу уруулар жашашат. Алардын минген аттары абдан зор, түстөрү өңчөй ала келет. Алакчын деп аталган шаардан алыс эмес жерде күмүш кендери жайгашкан, ошондуктан алардын казан-табак, карапа идиштери бир өңчөй күмүштөн жасалат». Алакчындар жөнүндөгү кытай жана мусулман булактарынын маалыматтары негизинен дал келет. Кытай булактарында алакчындар (ала аттуулар уруусу) айрым учурларда кыргыздарга көз каранды абалда калып турушкан. 1233-жана 1254-жж. алакчындарга жөнөтүлгөн монгол элчилиги тууралуу маалыматтар бар. Изилдөөчүлөр байыркы кытай булактарындагы маалыматтарынын негизинде алакчындарды Байкал көлүнүн (кыт. «Бей-Хай») чыгыш тарабына жайгаштырышат. Демек, алакчындар түштүк-батыш тараптан кыргыздар, чыгыш тарабынан курыкандар менен чектешкен деген жыйынтыкка келсе болот. Кыргыздарга жамаатташ жашаган байыркы курыкандардын тукумдары болгон саха-якуттардын олонхосунда Аан Алахчын аттуу жердин мифологиялык кожоюну (ээси) жөнүндө уламыштар айтылары маалым. Изилдөөчүлөр бомаларды эки аймакка жайгаштырышат: бир бөлүгү (түндүк бомалар) бүгүнкү Саян-Алтайдан түндүгүрөөктө, калган бөлүгү «ди» бутагы деп аталып, Түндүк Кытайда (Ганьсу аймагы, КЭР) жашашкан. Байыркы «алакчын» (кыт.»Бо-ма») этнониминин түз параллели бүгүнкү күндө кыргыздарда гана сакталып келет. Этностук компонент кыргыздардын курамына 7-8-кк. кеч эмес кирген десе болот. Айрым изилдөөчүлөр алакчындарды бүгүнкү казактардын, каракалпактардын ичиндеги алчын, алшындар менен этногенетикалык жактан жакындыкта карашат. Арийне, бул пикир кошумча илимий негиздүү тактоолорго муктаж. Алак + чын; -чын «чин» джин; бурят- монгол тилдеринде бул мүчө жалганып жасалган сөздөр кесипти, айрым учурларда адамдардын жашаган аймагын түшүндүрөт. Мисалы, Баргуджин-Токум (Баргулар жашаган аймак), булгачин - «булгун кармоочулар», кермучин - «тыйын чычкан кармоочулар» ж.б. Кыргыздарда «Ак алакчын» деген термин бийлик иеархиясындагы мансапты да аныктаган.

Эскертүүлөр түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү