Шырдактын ортолук оюму (борбордук оюму) менен жээк оюмун (четтик оюмун) бөлүп туруучу түр. Ал көбүнчө ак-карадан, кара-сарыдан берилет. Аны «ала мончок» деп да атайт. Ал «араа тиш оюмдан», «тумарча оюмдан», «ийрек оюмдан», «ит куйрук оюмдан», «бадам оюмунан», «бычак учу оюмдан» ж.б. оюмдардан түшүрүлөт. Аламач — буюмдун четине да, ортосуна да коюлат. Айрыкча, ак жана кара өң буюмдун түзүн аттын кашкасындай ачып, жалпы эле кийиздин ажарын өзүнө оодарып турат. Ошондуктан, мунун четине көбүнчө «тумарча оюму», ортосуна «бадамча оюму» түшүрүлөт. Кийиз оюмдары үчүн кара-ак өңдөгү «аламыч» түбөлүктүүдөй туюлат да, ар кандай өңдөгү ортолук жана четтик оюмдарды бөлүп турат. Көк-кызыл оюмдарга жүргүзүлгөн чаар «ыскыттар» (милтелер) сайманын «суусундай» дааналап көрсөтөт. Анын «аламычы» «кош мүйүздөн», «бадамдан» болот. Уздар «Жээк (четтик) оюмун» көбүнчө өзүнүн «жарым кыялынан» да түшүрө алышат. Акыйкатта, мыкты уздар элдик үлгүлөрдүн жалпы кооздугуна доо кетирбей туруп, өзүнчө «чыйыр салып», чыгармачылыкта буруп, «табак оюмдун» композициясын куруп кетет. Мында «кочкор мүйүздөрдүн» башына «карга тырмак» чыгарып, экөөнөн бир табакчаны түзүү, же эки «кочкор мүйүз», эки «карга тырмактан» бир табакча жаратуу аркылуу четтерине «араа тиштен», «аламыч» курчоо менен түр шырдак кармоо уздарда мыкты өнүккөн. Буюм четиндеги карама-каршы «жүрөк оюму» «жагалмай канат оюму» менен бириксе, «жээк оюму» болуп көрүнөт. Ага сарыдан «милте» басып, ак-карадан «араа тиш», «аламыч» түшкөндө «милтеси» мала кызылдан келиши шарттуу сезилип, бул буюмдун өңүн даана ачат. Анын «ортолук оюму» толук төрт табакчаны түзүп төрт жеринен «карга тырмак оюму» чыгат. Негизги күрөң кызыл менен ач жашыл өң бирин-бири жутушпай, алардын жүздөрүн сарыдан бастырган «милте» ачат. Борбордук оюмдун бурчтарын жарым табакчалар бүтөйт. Мында «аламычтардын» арбын түшүшү буюмдун дубалга килем ордуна тартылышына да ойдогудай шартташат. Же шырдактын «четтик оюмун» «жарым кыялдантып», «жагалмай канаттантып» буюмдун жалпы танабын кочкул кызыл менен көк өң өзүнө оодарып, сары-карадан берилген «аламыч» куп жарашат. Шырдактын «ортолук оюмунун» четине да ушундай «ит куйрук оюму» түшүп, борбордук табакчалардын араларына жарым табакчалар орун алышы керек. Мында да негизги көк-кызыл өң биринчи кара-сарыдан турган «аламыч» экинчи түрдө көрүнөт.

Маалыматтын булагы

түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996(жеткиликсиз шилтеме)