Аламүдүн ашуусу - Кыргыз Ала-Тоосунда, Ашуу-Төр өрөөнүнүн төрүндө. Бийиктиги 4032 м. Түштүк тарабындагы Батыш Каракол өрөөнүнөн салыштырмалуу бийиктиги 900 м, түндүгүндөгү Аламүдүндөн - 1200 м. Жанындагы чокулардын бийиктиги 4100-4600 мге жетет. Айланасында палеозойдун түрдүү түстөгү сланец, кумдук, акиташ тектери кездешет. Ашууга баруучу жол Аламүдүндүн тепши сымал жазы өрөөнүн өрдөп, Ашуу-Төр өрөөнүнө көтөрүлөт. Андан ары аска корумдуу тик каптал менен белге чыгат. Ашуутөр жайыгында мореналык майда көлдөр (мөңгү этеги 3600 м бийиктикте) бар. Түштүк-чыгыш, түштүк бетинин рельефи жөнөкөй. Топурак, өсүмдүктөр менен текши капталган; андан чыгышты көздөй капталдаган чукул жол Түштүк Ысык-Ата өрөөнүнө түшүп, андан ары Батыш Каракол өрөөнүнө өтөт. Ашуу июндун башында ачылып, сентябрда жабылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004. ISBN 9967-14-006-2
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү