Башбаракты ачуу

Аландар - (өздөрүн ирондор деп аташат) - иран тилинде сүйлөгөн байыркы көчмөн уруулар. Рим жана Византия жазма маалыматтарына караганда аландар Түштүк Каспий, Дон, Кавказга жакын жерде жашаган жарым көчмөн сармат элинен б. з. ч. 1-кылымда бөлүнүп чыгышкан. Б. з. 1-кылымда А. Азов деңизинин алабында жана Кавказдын талааларында жашашып, Кавказ, Крым, Индпя, Кичи Азия, Мидия жана Рим пмпериясына чабуул жасап турушкан. 370-ж. гунндардын чабуулунан кийин аландар эки бөлүккө бөлүнүп, бир бөлүгү готтор жана вандалдар менен бирге (элдердин улуу көчүү доорунда) Галлия, Испания аркылуу Түндүк Африкага (айрымдары азыркы Франциянын аймагына отурукташып, жергиликтүү элдери менен аралашып кеткен) чейин жетишкен. Аландардын экинчи бөлүгү Түндүк Кавказ тоолорун карай жылышып, ибер-кавказ урууларына биригишет. 5-кылымдын 2-жарымында Түндүк Кавказдагы аландар кайрадан согуштук-саясий күчтөрдүн бири болгон. 7-кылымда Хазар каганатынын курамына убактылуу кирген мезгилде христиан динин кабыл алышкан. 10-кылымда мамлекеттик түзүлүшкө ээ болуп, грек алфавитинин негизинде өз жазуусун өнүктүрүп, атактуу Нарт эпосун жаратышкан, чиркөөлөр (Төмөнкү Архыз, Сент) ж. б. ири курулуштар салынып, жогорку маданиятка (Крымдагы Керчен Склеби, Салтово-Маяцкая маданияты) жетишкен. Алар дыйканчылык жана мал чарбачылык м-н кеспптенпшкен. Аландар бир нече топторго (асы, ясы ж. б.) бөлүнгөн. 13-кылымда монгол-татарлардын жортуулдарынын жана Тимурдун басып алууларынын натыйжасында аландар азыркы Румыния, Венгрия (Ясы) аймактарына көчүшкөн, калгандары Борбордук Кавказ тоолоруна сүрүлгөн. Аландар осетиндердин түпкү ата-бабалары болуп саналышат. 14-кылымдан ислам дини кеңири жайылган.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1