Алаудин эгирин-диопсид кени

Алаудин эгирин-диопсид кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Айдаркен шаарчасынан 15 км аралыкта. 1982-ж. табылган. Алаудин сайынын башатында мореналык катмардын арасында пироксениттин жумуру жана келки таштарында туура кесилиш өлчөмү 2–12 ммден 30 мге чейин болгон тунук ачык жашыл түстөгү эгирин-диопсиддин уя сымал топтолуштары кездешет. Эгирин-диопсид зергердик ишке чийки зат катары колдонулушу мүмкүн. Запасы эсептелбеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү