"Алаш" партиясы - 1917–20 жылдары Казакстан менен түндүк Кыргызстандагы саясий партия. Жаңыдан қалыптанып келе жаткан жергиликтүү майда буржуазиянын кызыкчылыгын коргогон. Кадет партиясынын Казакстандагы тобу катары 1905-жылы пайда болгон. Пишпекте 1917-жылы жайында «Алаш» уюму түзүлгөн. 21–26-июнда Оренбургда «Бүткүл кыргыз» («Бүткүл казак») съезди өтүп, «Алаш» партиясы уюшулган. Анын программасында казак жана кыргыз элдерин өз алдынча мамлекетке бөлүү мүдөөсү каралаган. 5–13-декабрда «Аралаш Ордо өкмөтү» түзүлүп, куралдуу кошуундар топтолгон. Алар ак гвардиячылар менен бирдикте совет бийлигине каршы күрөшкөн. Орол, Торгой, Семей жана Жети-Суу облустарында «Алаш» партиясынын бөлүмдөрү түзүлгөн. 1918-жылы Жети-Суу ревкому «Алаш» партиясынын облустук жана уезддик уюмдарын жоюуга токтом чыгарганына карабастан, Пишпектеги «Алаш» уюму өзүн «Кыргыз революциячыл совети» деп атап, 1920-жылга чейин иш жүргүзгөн. Бул партиянын бир катар өкүлдөрү кийин сабатсыздыкты жоюуда, социалдык маданиятты жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө зор эмгек сиңиришкен.

Маалымат булактары түзөтүү

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)