"Алаңгазарлар бирдиги" (англ. A Confederacy of Dunces) - америкалык жазуучу-романист Жон Кеннеди Тулдун авантюралуу романы, ал 1980-жылы, Тулдун өзүн-өзү өлтүрүүсүнөн он бир жыл өткөндөн кийин жарыкка чыгат. Жазуучу Уолкер Персинин (кириш сөзүн жазган) жана Тулдун апасынын аракети менен басылып чыккан китеп биринчи символдуу классикалык чыгарма болуп, ийгиликке тез жеткен. 1981-жылы, Тул өлгөндөн кийинки Пулитцер сыйлыгына ушул чыгармасы үчүн ыйгарылды. Учурда бул китеп түштүк АКШнын заманбап адабиятынын канондук китеби болуп саналат.

Китептин аталышы Жонатан Свифтин "Ар кандай моралдуу жана көңүл ачуучу нерселер боюнча ой жүгүртүүлөр" (англ. Thoughts on Various Subjects, Moral and Diverting) чыгармасынын "Дүйнөдө чыныгы генийдин пайда болгондугу алаңзаларлардын бирдиги ошол кишиге каршы чыгуусу менен белгиленет" эпиграммасына байланыштуу. Романдын башкы каарманы, 1960-жылдары Жаңы орлеанда апасы менен жашаган билимдүү бирок жалкоо Игнатиүс Ж. Райли, жумуш издеп жүргөн учурда француз кварталдын каармандары менен ар кандай окуяларга кабылат. Тул романын 1963-жылы, Пуэрто-Рикодо акыркы ай жүргөнүндө жазган.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү