Алаңзаар көпчүлүктөн алыс

"Алаңзаар көпчүлүктөн алыс" (англ. Far from the Madding Crowd) - 1874-жылы жарыкка чыккан Томас Хардинин ийгиликке жеткен алгачкы романы. Бул чыгарма алгач Cornhill журналында, ай сайын анонимдүү түрдө басылып чыгып, окурмандардын көңүлүн өзүнө бурган.

Алаңзаар көпчүлүктөн алыс (1874).

Романдагы окуя, Англиянын түштүк-батышында жайгашкан Уэссекс падышалыгына караштуу ойдон чыгарылган бир чөлкөмдө орун алган. Роман, Виктория заманындагы дыйкандардын коомчулугунун идиллиялык сезилген, бирок катаал чындык дүйнөсүнүн чөйрөсүндө көрсөтүлгөн сүйүү, абийир жана чыккынчылык темаларын чагылдырган. Романда Батшеба Эвердинин жеке турмушу жана анын үч эркек киши менен болгон мамилеси баяндалат. Алар: Батшебанын бойдок кошунасы Уильям Болдвуд, ак ниеттүү малчы Габриэль Оук жана ысырапчыл аскер, сержант Трой.

Китеп басылып чыккандан кийин, көптөгөн сынчыл рецензиялар пайда болгон. Алардын көбү романды жактырган баа менен белгилеген. Харди, 1895-жылы басылып чыккан романын кайрадан карап чыгып, 1901-жылы жарыкка чыккан романына бир нече өзгөрүүлөрдү киргизген.

2003-жылы роман Би-би-синин The Big Read сурамжылоосу боюнча 48-орунду алган. 2007-жылы The Guardian "Эң көркөм сүйүү окуясы" тизмесинде китеп 10-орунду ээлеген.

Роман бир нече тасмага адаптациялган, анын ичинде эң белгилүүсү 1967-жылы Оскар сыйлыгынын талапкери болгон Жон Шлезингердин тасмасы болуп эсептелинет.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү