Ала-Тоо крокусу - (Crocus alatavicus) - чекилдектер тукумунун бир түрү. Көп жылдык пияз түптүү өсүмдүк. Пияз түбү тоголок, бийиктиги 12 см, калың күрөң кабыктарга оролгон. Жалбырагынын саны 5-15, кууш тасма сымал, гүлү ак, жыпар жыттуу, мөмөсү сүйрү кутуча. Февраль, апрелде байчечекейден кийин эле эрте гүлдөөчү өсүмдүк. Март, июнь айларында уругу бышат. Кыргыз Ала-Тоосунда, Талас, Фергана жана Чүйдүн сары топурактуу өрөөндөрүндө, адырларында таралган кооз өсүмдүк.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1