Албарс — сапаты эң жакшы болоттон жасалган өткүр кылыч. Эпостогу «ак албарс», «мизин болот чыгарган», «ак болоттон миз кылган», «уңгусу болот, учу курч» деген саптарга караганда баатырлардын кылычы жана башка жоо-жарактары курч темирден жасалгандыгы байкалат. Тараптар душмандын жаратын ырбатыш үчүн курал жасатып жатканда аны уунун кошулмасына сугарышкан. Эпосто албарс кылыч жасалганда ушул касиеттер толугу менен сакталгандыгы айтылат. Албарс кылычтын айрым жасалгаланышы жана табияттын тыш кереметтери төмөнкүчө чагылдырылат:

Атадан калган курч кылыч,
Борумун чабып чыгарган,
Уй майына сугарган
Караңгыда суурса
Кызыл өрттөй кызарган...
Бетине алтын чаптырган,
Кылычынын сабы алтын
Кармай турган жери алтын («Кысса Семетей бу-турур»),

Албарс ак албарс, ач албарс деп да аталган алты курчтун бири.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4