Албарсты - диндик демонологиялык түшүнүктөгү жин-шайтандын аял келбетинде элестетилген образы. Бул диний түшүнүк кыргыздарда байыртадан эле кеңири тараган. Адам уктаганда, жүрөк кагышы начарлап, деми кыстыгып, жаман түш көрүп кыйналган учурда, же төрөт учурунда каны көп кетип алсыраган аялдын оор абалын албарстынын басышы менен байланыштырып келишет. Мындай түшүнүктөр адамдын организминде болуучу кубулуштардын мыйзам ченемдүүлүктөрүнөн улам келип чыгары маалым.

Кыргыздардын ишеними боюнча, Албарсты дегендин чоңдугу 5-6 жашар кыздай, ыраңы сары, чачы менен эмчеги жерге сүйрөлүп жүрөт. Бул албарсты ар бир жерде болуп, түн ичинде үйлөргө келип, бошураак, кайратсыз кишилерди басып эсин оодарат жана үйлөрдүн жанына кичинекей от жагып да кетет.

Албарсты төрөп жаткан зайыптын өпкөсүн сууруп алып кетип, сууга салып жиберсе зайып өлөт. Сууга көтөрүп бара жатканда куучу келип калса албарстыны кууп, «сал эле сал» деп кыйкырып айдап келип өпкөсүн кайта салдырып, зайыпты кайра тирилет. Албарсты эч бир кишилердин көзүнө көрүнбөйт, жалгыз гана куучуга көрүнөт.

Талаада мал багып жүргөн малчылар албарстыны кокусунан кармап алып токмоктогондо, албарсты бардык билген дубасын үйрөтүп, андан кийин ал киши куучу болуп калат, куучу жүргөн жерге албарсты бир да жолобой качат. Кайсы жерлерде албарсты бар экендиги куучуларга ачык белгилүү болот. Төрөп жаткан зайыпты кара же албарсты басканда куучуну чакырып, барган киши «баатыр» деп барат, өз атын айтып чакырса анда куучунун күчү кетет. Албарстыны киши кармап алганда албарсты эки эмчегин кайра эки ийнине арта салса, кишини албарсты жеңип өлтүрөт. Ийнине арта сала албай калса киши жеңип, анда албарсты кадимки кишиче жалынат.

Каны бир аз токтоп жаткан кишилер да «мени түндө албарсты басты» деп ишенет. «Албарсты басат» деген ишеним азыр да толук жоюлган жок. Куучулар өздөрү келбестен камчыларын берип жиберсе да албарсты качат. Албарстылар көк улак болуп кубулуп журтта жатканында кармап алып өңөрүп бара жатканда албарсты кишиче сүйлөгөндө чочуп кетип кое берген кишилер да болгон.

Бул сыяктуу ишенимдер талаадагы кыргыздарда эң көп болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү