Башбаракты ачуу

Алгачкы СоветтерФевраль революциясынан (1917) кийин түзүлө баштаган жумушчу жана солдат депутаттарынын шайланма саясий уюмдары. Социал-демократиялык топтор менен бирдикте иштеген. 1917-жылы мартта Кыргызстанда Кызылкыя кенчилери алгачкы жумушчу депутаттар советин түзүшүп, төрөгалыгына И.И.Едренкин шайланган. 16-мартта сүлүктүлүк кенчилер өзүлөрүнүн жумушчу депутаттар советин уюштурган (жетекчиси – Д.Т.Деканов). 1917-жылы март айынын ортосунда Пишпек шаарынын жумушчуларынын алгачкы совети түзүлгөн. Негизинен Улуу Октябрь революциясына чейин Кызылкыя менен Сүлүктүдөгү алгачкы совет гана большевиктештирилген. Ноябрь айында Сүлүктүдө, декабрда Кызылкыя менен Ошто, 1918-жылы январь, февралда Пишпекте, май, июнда Караколдо советтердин бийлиги орногон. Советтер элдик бийликтин органы катары иштеп, падыша өкмөтүнүн мурдагы буйруктарын жокко чыгарып, жумушчулардын эмгек акыларын жөнгө салган, 8 сааттык жумуш күнүн киргизип, калкты азык-түлүк менен жабдуу жана башка экономикалык маселелерди чечкен.

АдабиятОңдоо

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”


Интернеттик шилтемелерОңдоо