Алгачкы дыйканчылык - алгачкы коомдун мезолит доорунда калыптана баштаган өндүрүштүк тармактын бир түрү. Ал жыйноочулуктан бөлүнүп чыгып, алгач аялдар эмгектенген. Алар адегенде өздөрү жашаган туракжайдын айланасындагы жерлерди гана айдашып, таш, жыгач, сөөктөн жасалган жөнөкөй эмгек куралдарын колдонушкан. Себилүүчү өсүмдүктөрдүн түрү да аз болгон. Эмгек куралдарынын өтө жөнөкөйлүгүнөн улам, адамдар алгач саздак ж-а борпоң топурактуу жерлерди гана иштете алышкан. Бара-бара алар ири жер аянттарын токой-бадалдардан арылтып, мурда сугарууга ыңгайсыз кургак жерлерге арык казып, суу алып баруу м-н жерлерди өздөштүрө башташкан. Археол. табылгаларга караганда, Азия, Түндүк Африка, Европа аймактарын мекендеген алгачкы дыйкандар буудай, сулу, арпа, шалы эгишкен. Кийинчерээк алгачкы дыйканчылыкта которуштуруп айдоо ыкмалары колдонула баштаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1