Алгачкы илимий мекемелер
Республикадаги илимий маалымат берүүчү алгачкы мекеме - Архив бюросу. 1926-ж. түзүлгөн. 1936-ж. ал Кыргыз ССРинин Борбордук мамлекеттик архиви деп аталган.
- 1927-ж. 4-августта "Фрунзе" сейсмикалык станциясы ишке кирген.
- Кыргызстандагы 1-илим изилдөө институту - Край таануу институту 1928-ж. ачылган. Анын курамында табигый өндүргүч күчтөр, чарбалык-экономикалык жана социалдык 3 бөлүм болгон.
- 1938-ж. Пединститутта аспирантура ачылып, илимий кадрлар даярдала баштаган.
- 1939-ж. антисеймикалык (жер титирөөгө каршы) курулуш бюросу түзүлгөн.
- 1947-ж. "Тянь-Шань" физикалык-география станциясы уюшулган.
- 1950-ж. гидрометеорологиялык обсерватория түзүлгөн.
- Эн алгачкы ири илимий борбор - Кыргыз ССР Илимдер академиясы 1954-ж. 13-декабрда түзүлгөн.