Алгачкы коомдогу искусство

Алгачкы коомдогу искусство - адамзаттын тарыхынын байыркы дооруна таандык алгачкы искусство. Бул алгачкы жамааттык (общиналык) доорго таандык эң алгачкы акыл-эстүү адамдардын өздүк, жеке чыгармачылыгы. Изилдөөчүлөрдүн пикирлерине караганда, ал б.з.ч. 40-20 миңинчи жылдыктарда жашаган, алгачкы таш доорундагы адамдардын коомдук эмгегинин өсүп-өнүгүшүнүн натыйжасында пайда болгон искусство. Бул искусство Европанын айрым жерлериндеги (Франция ж.б.) жашаган адамдардын үңкүрлөрдүн боорундагы таштардын беттерине тарткан сүрөттөрү аркылуу илим чөйрөсүнө белгилүү. Палеолит мезгилиндеги искусстводо жаныбарлардын тулкусун сүрөткө түшүрүү кеңири орун алган. Адамдардын бул байыркы искусствосу ошол доордогу жашаган адамдардын негизги жашоосу, кесиби аңчылык менен байланышкандыгын чагылдырат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү