Алгач тергөө органдары – адепки тергөө түрүндө алдын ала тергөөлөрдү жүргүзүүгө укуктуу мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары. КРде алгач тергөө болуп төмөнкүлөр саналышат:
1) ички иштер органдары;
2) түзөтүү мекемелеринин жана тергөө кызматтарынын начальниктери;
3) аскер бөлүктөрүнүн, бирикмелеринин командирлери жана аскер мекемелеринин начальниктери;
4) улуттук коопсуздук органдары;
5) КР баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча органдары;
6) чегара бөлүктөрүнүн командирлери;
7) алыскы аймактардагы кыштоолордун, геологиялык чалгындоо партияларынын, экспедицияларынын начальниктери;
8) бажы органдары;
9) каржы полиция органдары

Алгач тергөө өз иш-милдеттеринин чектеринде кылмыш иштери жасалганы жөнүндө билдирүүлөрдү, арыздарды каттоону камсыз кылышат; окуянын издерин сактоо боюнча чараларды көрүшөт; кылмыштарды болтурбоо үчүн ыкчам иликтөө, ошондой эле кылмыш жасаган адамдардын тобу боюнча чараларды көрүшөт, өз укук милдеттеринин четеринде иш жүргүзүүчү прокурорго жана тергөөчүгө алар талап кылган маалыматтарды жана материалдарды берет; прокурордун жана тергөөчүнүн тапшырмаларын аткарууну, анын ичинде айрым бир тергөө аракетерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды аткарууну жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышкан жабырлануучуларды, күбөөлөрдү жана башкаларды коргоо чараларын көрөт; соттун тапшырмаларын аткарат; прокурор, тергөөчү, сот тарабынан айыпталуучуга карата кабыл алынган чектөө чараларынын аткарылышын көзөмөлдөөнү, камакка алуудан башка чектөө чарасын ишке ашырат.[1]

Шилтемелер түзөтүү

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7